08.06.2018 09:00

 «Жалал-Абад Тазалык» ишканасына жаңы техникалар алынып келди

 «Жалал-Абад Тазалык» ишканасына жаңы техникалар алынып келди

Жалал-Абад шаарына жаңы заманбап техника жана таштанды таштоочу ири көлөмдөгү 13 кошумча урналар алынды. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

 «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесине алынган таштанды челектердин көлөмү баштагы майда урналардан 6 эсе чоңдук кылат. Эми аларды калк жыш жайгашкан жайларга орнотуп, эскилиги жеткен майда урналар оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлөт жана шаардагы башка аймактарга жайгаштырылат.

«Буга чейин шаар тургундары урналарда таштандыларды өрттөөнүү адатка айландырышып, натыйжада жакында эле алынган урналар жараксыз абалга келген. "Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардыктардан мындан ары таштандыларды туш тарапка таштабай, урналарды өртөбөй, тазалык үчүн аракет кылууну күтүп жатышат», -деп айтылат маалыматта.

Жаңы келген техникалар аталган мекеменин атайын каражатына алынган. Бул максатта  шаардык кеңеш атайын каражаттын эсебинен 2 миллион 750 миң сом бөлүп, тендерден кийин 2 миллион 699 миң 395 сомго жаңы техника алынды. Абоненттер таштандыга болгон карыздарын өз убагында төлөп турса, мындай техникалар дагы да алынмакчы.

Эскерте кетсек, "Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемесинде 27 атайын техникалар болсо, алардын көпчүлүгүнүн алынганына 12 жыл болду.